Кыргызстандан келген жүргүнчүлөр үчүн күнү-түнү байланыш борбору иштей баштады
Жаңы атайын линия +996 550 400-005 телефон номери аркылуу жеткиликтүү.
Кыргызстандан чалуу акысыз. Биз Бишкектен, Оштон жана Тамчыдан Россиянын ондогон шаарларына аба каттамдарын жүргүзөбүз. Рейстердин саны тынымсыз өсүүдө, пандемияга байланыштуу учуунун эрежелери дайыма өзгөрүүдө жана биздин жүргүнчүлөрдүн суроолору көбөйүүдө. Ошондуктан, биз сиз үчүн өзүнчө байланыш борборун уюштурдук. Биз үчүн сиздин учууңуз ыңгайлуу, ар кандай маселеде түшүнүү бар жана тилдик тоскоолдук жок. Көмөкчү кызматкерлер кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Алар авиабилеттерди сатып алууга, кошумча кызматтарга буйрутма берүүгө, билеттердеги каталарды оңдоого, Россияга кирүү эрежелери боюнча кеңеш берүүгө жана башка кызыктырган суроолорго жооп берүүгө жардам берет.