Декларация тапшыруу

Подача электронной таможенной декларации

Россия ФТС сайтында ФТС ЛК ВЭД мобилдик тиркемесинин версиясы жайгаштырылган. Тиркемеге жүргүнчү бажы декларациясын толтуруу кызматы киргизилген. Учурда ал Android ОС мобилдик түзүлүштөрүндө төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://edata.customs.ru/fts.edata.customs.ru.app.apk 

Ошондой эле, жүргүнчү бажы декларациясын Россия ФТСнын расмий сайтындагы Жеке кабинеттен толтурууга болот: https://edata.customs.ru Ал үчүн «Жүргүнчү бажы декларациясын тапшыруу» бөлүмүн тандап, аны толтуруу баштоо керек. Мамлекеттик чек арадан өтүү пунктунда бажы кызматкерине декларациянын алынган уникалдуу идентификациялык номерин (УИН) айтуу зарыл.